Мөңгү
Мөңгү — жер бетиндеги табигый кар-муз катмары; ага жылмышуу кыймылы мүнөздүү. Уюлдук аймактарда жана бийик тоолордо кардын толук эрибей топтоло беришинен пайда болот. Кар чегинен (жыл бою эрибеген кардын төмөнкү чеги) жогору жаткан бөлүгү куралуу, төмөн жаткан бөлүгү абляцияcы (мөңгү же кар катмарынын көлөмү эрүүдөн, буулануудан же механикалыкажыроодон кичирейиши) деп аталат. Мөңгүлөрдө Жердеги тузсуз суунун басымдуу массасы (70%) топтолуп, 16,4 млн км2 аянтты же кургактыктын 10,9%ин каптап жатат; жалпы көлөмү 30 млн км3ге жакын (к. таблица). Мөңгүнүн үн жылышуу ылдамдыгы тоо мөңгүлөрүндө жылына ондогон мге, шельф мөңгүлөрүндө 1,9 кмге жетет. Мөңгүлөр негизинен эки типке бөлүнөт: тоо мөңгүлөрү жана каптама муздуктар. Тоо мөңгүлөрү негизинен тоолордун кыр бөлүгүнө жакын пайда болуп, рельефтин оёң формаларын ээлеп, төр, асылма, өрөөн жана башка мөңгүлөргө бөлүнөт. Алардын кыймылы оордук күчтүн таасиринен каптал ылдый жылышынан пайда болот. Дүйнөдөгү эң ири тоо мөңгүлөрүнө – Аляскадагы Хаббард (узундугу 145 км), Памирдеги Федченко (71,1 км), Кыргызстандагы Түштүк Эңилчек мөңгүсү (58,9 км) кирет. Каптама муздук же материктик муздуктар млндогон км2 аянтты ээлеп, жалпы эле тоо рельефин да жаап калышы мүмкүн, үстүнкү бети дөмпөйгөн формада болуп, чет-жакасын карай жылышып, калкыма шельф мөңгүлөрүнө өтөт. Каптама муздуктардын ири массивдери – Антарктидада, Гренландияда, Арктиканын аралдарында таралган.
Дагы караңыз
Булактар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7