Гренада (англ. Grenada) — Кариб деңизинин түштүк-чыгышындагы арал мамлекет, Гренада аралын жана Кичи Антиль аралдар тобунунун Гренадин аралдарынын түштүк бөлүгүнэ элейт[1].

Гренада
англ. Grenada

Герб
Туу Герб
Урааны: «Кудайды ар дайым таануу менен биз алдыга умтулабыз, бир эл катары өнүгөбүз(англ. Ever conscious of God we aspire, build and advance as one people
Гимн: «Hail Grenada»
Эгемендүүлүк күнү 7-февраль 1974-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили англис тили
Борбор шаары Сент-Жоржес
Ири шаарлар Сент-Жоржес
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
Король
Генерал-губернатор
Премьер-министр
Чарльз III
Сесиль Ла Гренейд
Дикон Митчелл
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
185-орун - дүйнөдө
348,5 км²
1.6
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

124,610 адам (179-орун)
318,58 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

2,3 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

1,3 млрд $
11,437 $
АДӨИ  0,793 (жогору) (73-орун)
Акча бирдиги Чыгыш кариб доллары (XCD)
Домени .gd
ISO коду GD
ЭОК коду GRN
Телефон коду +1-473
Убакыт аралыгы UTC -04:00
Викиказынадагы медиафайлдар

Этимология

түзөтүү

«Гренада» деген аталыштын келип чыгышы белгисиз, бирок испан саякатчылары аралдын атын Андалусиянын Гранада шаарынын урматынан коюшкан[1][2]. «Гранада» аталышы биринчилерден болуп 1520-жылдары испан карталарында пайда болгон. Бул аралдын түндүгүндөгү аралдар испандар тарабынан «Лос Гранадиллос» («Кичи Гранадалар») деп аталган[3].

Тарыхы

түзөтүү

Гренада аралдарын Колумб 1498-жылы Америкага болгон үчүнчү саякаты учурунда ачкан. Аралда Кариб индейлери жашаган. Аралдагы биринчи европалыктардын конуштарын испандар, кийин француздар жана англиялыктар түптөшкөн. 1609-жылы апрелде Робинсон жана Годфри баштаган англиялык экспедиция бул аралдын аймагында колонияны түзүүгө аракет кылышкан, бирок алар курган чепке жергиликтүү тургундар кол салып, талкалап, колонизаторлордун көбүн өлтүрүшкөн[4].

Франция аралды 1650-жылы сатып алган. Мартиниканын губернатору аралда европалыктардын ири конушун түзүп, кийинчерээк бул конуш Сент-Жоржес шаарына айланган. Жергиликтүү калкты европалыктар 1655-жылы толугу менен жок кылышкан. Француздар Гренадада тамеки жана индиго, андан кийин пахта жана мускат жаңгагын өстүрө башташкан. Плантацияларга иштөө үчүн африкадан кулдар алынып келинип турган[3].

1763-жылы британиялыктар аралды басып алышкан, бирок француздар аралды 1779-жылы кайрадан кайтарып алышкан. Акыры, 1783-жылы Версаль келишими боюнча арал Англияга өткөрүлүп берилген.

1885-1956-жылдар аралыгында Гренада Британиянын Левард аралдарынын, 1958-жылдын январынан 1962-жылдын майына чейин Вест-Индия федерациясынын курамында болгон. 1967-жылы Гренадага ички өзүн-өзү башкаруу киргизилген.

Британ шериктештигининин курамында калуу менен көз карандысыздыгын1974-жылы алган. 1974-жылы апрелде Гренада Кариб өлкөлөрүнүн Бирлигинин мүчөсү[5], 1974-жылы сентябрда БУУнун мүчөсү болуп кабыл алынган[6].

География

түзөтүү
 
Гренаданын картасы

Гренада жанар тоонун атылышынын пайда болгон арал. Жээк бөлүгү ойдуңдуу келет. Аралдын ички бөлүгүн тоолор жана дөңсөөлөр ээлейт. Жанар тоолордун чокуларынын максималдуу бийиктиги 840 метрге жетет (Сент-Катерин тоосу)[7]. Аралда дарыялар аз, бирок майда сайлар жана булактар көп.

Аралда түшүмдүү жанар тоолук топурактуу аймактар арбын. Нымдуу тропиктик дайыма жашыл токойлордо баалуу дарактардын түрлөрү сакталып калган[8]. Аралдын айланасындагы деңиз суулары балыктарга, рак сымалдууларга жана моллюскаларга бай.

Гренада, Гренадин аралдарынын түштүк бөлүгүн (эң чоң Кариока аралы менен) курамына камтыйт.

Климат

түзөтүү

Климаты тропиктик, жаан-чачындуу мезгил майдан октябрга чейин уланат. Жаан-чачындын өлчөмү жылына 1500 ммден ашык. Июлдан октябрга чейинки убакыт бороон-чапкындардын мезгили. Орточо айлык температура болжол менен +26°C тегерегинде.

 
Борбор шаары Сент-Жоржестин бийиктиктен тартылган сүрөтү

Саясий түзүлүшү

түзөтүү

Шериктештиктин курамына кирген конституциялык монархия болуп саналат. Мамлекет башчысы жана аткаруу бийлигинин башчы — Чарльз III. Падышанын атынан, шайлоодо жеңген партиянын лидеринин сунушу боюнча өкмөттү генерал-губернатор дайындайт.

Мыйзам чыгаруу бийлиги Сенаттан (13 мүчөсүнүн 10 мүчөсү генерал-губернатор тарабынан жана 3 мүчөсү оппозиция тарабынан дайындалат) жана Өкүлдөр палатасынан (15 депутат, калк тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат) турган эки палаталуу парламентке таандык.

Сот бийлиги Падышалык сотторго таандык.

Куралдуу күчтөрү

түзөтүү

Эгемендүүлүктү алгандан кийинки алгачкы жылдары Гренадада өзүнүн куралдуу күчтөрү болгон эмес, ошондуктан Улуу Британия аралды коргоо милдетин өзүнө алган.

Гренаданын куралдуу күчтөрү «Элдик революциялык армия» биринчи жолу 1979-жылдагы революциядан кийин түзүлгөн, бирок 1983-жылы АКШнын Гренадага басып киришинен кийин куралдуу күчтөр толугу жоюлган.

1985-жылдын апрелинин ортосунда АКШнын жетекчилиги астында Блэйз Өкмөтү үчүн биринчи полиция бөлүмүн даярдоо аяктаган, калган полиция бөлүмдөрүн даярдоо 30-жылдын 1985-сентябрына чейин бүтүшү керек деп пландалган[9].

1985-жылы Гренада АКШнын Сент-Люсиядагы аскердик маневрлерине катышкан.

2015-жылга карата Гренада Өкмөтүнүн аскерлештирилген куралдуу күчтөрү Падышалык полиция күчтөрүнөн (900 адам) жана жээк күзөтүнүн бөлүгүнөн (60 киши) турат.

Административдик-аймактык түзүлүшү

түзөтүү

Гренада 6 париш деп аталан бөлүктөрдөн жана эки көз каранды аймактан турат:

Париш Адм.

борбору

Аянты,

км²

Калкы,

(2001) адам

Калкынын жыштыгы,

адам/км²

Карта
Париш  
1 Сент-Андру Гренвил 99 24 749 249,99
2 Сент-Давид Сент-Девидс 44 11 486 261,05
3 Сент-Жорж Сент-Жоржес 65 37 057 570,11
4 Сент-Жон Гоуйав 35 8 591 245,46
5 Сент-Марк Виктория 25 3 994 159,76
6 Сент-Патрик Сауторс 42 10 774 256,52
Көз каранды аймактар
1 Карриаку Хиллсборо 34 6 081 178,85
2 Кичи Мартиник Норт Пойнт 2,4 900 375,00
Жалпы 346,4 103 532 298,88

Гренадалыктардын 82% мурунку африкалык кулдардын тукумдары[10][1]. XVII кылымда арал француз колонизациясына айлангандан кийин жергиликтүү калктын аз гана бөлүгү калган. 1857-1885-жылдары Гренадага Индиянын Бихар жана Уттар-Прадеш штаттарынан жумучулар келишимдин негизинде келишкен. Бүгүнкү күндө Гренаданын калктын 2,2%индиядан келген жумушчулардын урпактары түзөт.[12] Ошондой эле француз жана англис улуттундагы адамдаржын чакан коомдору бар, калктын 13% бөлүгүн улуттар аралык никеден туулгандар түзүшөт.

Гренада, Кариб аралдарынын көпчүлүк мамлекеттери сыяктуу эле, жарандарынын арасында чет өлкөгө миграцияга кеткендердин саны чоң мамлекеттердин катарына кирет. Көптөгөн жаштар чет өлкөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү издеп кетишкен жана миграциянын негизги себеби болуп экономикалык абал санадат. Гренадалыктар үчүн популярдуу миграциялык багыттарга Барбадос, Түндүк Американын шаарлары (Нью-Йорк, Торонто жана Монреаль сыяктуу), Улуу Британия (айрыкча Лондон жана Йоркшир[11]) жана Австралия кирет.

Диний курам

түзөтүү

Гренаданын диний курамы (2011)      Протестанттар (49.2%)     Католиктер (36%)     Динге ишенбегендер (5.7%)     Дини белгисиздер (1.3%)     Жахабанын күбөлөрү (1.2%)     Растафари (1.2%)     Башка диндер (5.5%)

2011-жылдагы калкты каттоо боюнча маалыматтарга ылайык, диний курамы төмөнкүдөй[12][1]:

  • Протестанттар — 49,2%
    • Элүүнчү күндүктөр — 17,2%
    • Жетинчи күндүн адвентисттери — 13,2%
    • Англикандар — 8,5%
    • Баптисттер — 3,2%
    • Ыйсадагы Кудайдын чиркөөсүнүн жолдочуулары 2,4%
    • Eвангелисттер — 1,9%
    • Методисттер — 1,6%
    • Башка агымдары — 1,2%
  • Католиктер — 36%
  • Динге ишенбегендер — 5,7%
  • Дини белгисиздер — 1,3%
  • Жахабанын күбөлөрү — 1,2%
  • Растафари — 1,2%
  • Башка диндер (индуизм, ислам, афроамерикалык диндер жана иудаизм) — 5,5%

2022-жылы Гренадага «Freedom House» уюму тарабынан дин тутуу эркиндиги үчүн төрт баллдан төрт балл берилген (жогорку баалоо)[13].

Расмий тили болуп англис тили Конституциясында көрсөтүлгөн. Француз тилинин вест-индиялык диалекти болуп саналган патуа тили да кеңири колдонулат[14]. Индия менен Гренадалыктардын урпактарынын арасында дагы деле хинди тили күнүмдүк жашоолорунда колдонулуп келет.

Экономикасы

түзөтүү
 
Мускат жаңгагы
 
Деңизи жээги

Гренаданын экономикасынын негизин тейлөө тармагы, анын ичинде туризмден түшкөн киреше түзөт[15][16]. Гренада Өкмөтү 1996-жылы оффшордук банктардын ишин жөнгө салуучу бир нече укук-ченемдерин кабыл алгандан кийин, 1997-жылы оффшордук каржы кызматтарын көрсөтө баштаган. 2001-жылы экономиканын бул сектору өлкөнүн ички дүң продуктусунун 1,2% камсыз кылган.

Айыл чарбасында банан, какао, мускат жаңгагы, цитрус жемиштери, авокадо, жашылчалар, кант камышы, жүгөрү, өстүрүлөт[17].

Тамак-аш жана текстиль иштетүү боюнча бир нече ишкалар иштейт.

Экспорттун негизги товарлары банан, какао, мускат жаңгагы жана негизги сатып алуучулар болуп Сент-Люсия (16,4%), АКШ (11,3%), Улуу Британия (11,3%) (2008-жылы).

Азык-түлүк, өнөр жай товарлары, отун жана башкалар импорттолот. Негизги импортточулары болуп Тринидад жана Тобаго (43,1%), АКШ (24,5%), Барбадос (3,6%) саналат.

Маданияты

түзөтүү
 
Карнавал. 1985-жыл

Гренада маданияты — бул африкалык, кариб, европалык жана индиялык улуттардын бай аралашмасы, алар кылымдар бою колониялаштыруу, кул сатуу жана миграция аркылуу калыптанган. Гренададагы маданий жашоонун негизги аспекттери музыка, бий, ашкана, диний ишенимдер жана улуттук майрамдардан турат[18].

Кол менен жасалган буюмдар, мисалы, себеттер, зергер буюмдары жана жергиликтүү материалдардан жасалган сувенирлер Гренада базарларында кеңири кездешет. Сүрөт өнөрү аралдын кооз жаратылышын, деңиз тематикасын жана маданий ырымдарды чагылдырат.

Музыка жана бий

түзөтүү

Гренада өзүнүн музыкалык салттары менен белгилүү, анын негизин карибдик жанрлар түзөт: калипсо, сока, регги жана зук. Жылдын негизги музыкалык иш-чарасы — Карнавал (Spice Mas), ал август айында өткөрүлөт. Карнавалда калипсо жана сока боюнча мелдештер, ошондой эле африкалык жана колониялык салттардан улам калыптанган кийимдердин параддары өткөрүлөт.

Ашкана

түзөтүү

Гренада «Татымалдар аралы» деген атка конгон, анткени мускат жаңгагы, корица, калемпир жана башка көптөгөн жыпар жыттуу өсүмдүктөр бул жерде мол өсөт. Салттуу ашканасы африкалыктардын, индиялыктардын жана европалыктардын таасирлери астында калыптанган[19]. Белгилүү тамактары:

  • Ойл даун — эт, кокос сүтү, жашылча-жемиштер жана нан мөмөсүнөн жасалган улуттук тамак.
  • Деңиз азыктарынан жасалган тамактар, анын ичинде балыктар, рактар жана моллюскалар.

Майрамдар

түзөтүү

Гренадада 2024-жылы төмөнкү мамлекеттик майрамдар белгиленет[20]:

  • Жаңы жыл – 1-январь.
  • Көз карандысыздык күнү – 7-февраль (1974-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздык алынган күн).
  • Ыйык Жума күнү – 29-март.
  • Пасха дүйшөмбүсү – 1-апрель.
  • Эмгек күнү – 1-май (Эл аралык эмгекчилер күнү).
  • Улуу дүйшөмбү – 20-май (Пасхадан жети жума өткөндөн кийинки дүйшөмбү).
  • Ыйык Евхаристия күнү – 30-май.
  • Боштондук күнү – 5-август (кулчулуктун жоюлушун белгилөө).
  • Карнавалдуу дүйшөмбү жана шейшемби – 12 жана 13-август.
  • Морис Бишоп күнү – 19-октябрь (улуттук баатырдын урматына).
  • Ыраазычылык күнү – 25-октябрь.
  • Рождество – 25-декабрь.
  • Белектер күнү – 26-декабрь.

Бул майрамдар Гренаданын маданий жана тарыхый мурасын чагылдырат. Кээ бир майрамдар, мисалы, Пасха жана Ыйык Евхаристия күнү, христиандык салттарга негизделген[21]. Ал эми Көз карандысыздык күнү жана Морис Бишоп күнү сыяктуу майрамдар өлкөнүн саясий жана улуттук тарыхы менен байланыштуу[22].

Социалдык тармагы

түзөтүү

Билим берүү

түзөтүү

Гренададагы билим берүү системасы британ моделине негизделген жана төмөнкү негизги баскычтарды камтыйт[23]:

  • Мектепке чейинки билим берүү[23]: Бала бакчалар, негизинен, калкы жыш жайгашкан Сент-Жоржес жана Сент-Эндрюс райондорунда жайгашкан. Бул этап мектепке чейинки курактагы балдар үчүн жеткиликтүү.
  • Башталгыч билим берүү[23]: 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн билим алуу акысыз жана милдеттүү болуп саналат. Башталгыч мектеп 6 жылга созулат. Аны аяктагандан кийин окуучулар орто мектепке өтүү үчүн экзамен тапшырышат.
  • Орто билим берүү[23]: Эки этаптан турат. Биринчи этап 3 жылга (7–9-класстар) созулат жана окууну токтотууну каалагандар үчүн сертификат алуу менен аяктайт. Экинчи этап 2 жылга созулат, анын аягында окуучулар Кариб жалпы билим берүү сертификатын (CSEC) же Кембридж GCE экзамендерин тапшыра алышат.
  • Жогорку билим берүү[23]: Негизги окуу жайларына Теофилус Альберт Марришоу атындагы колледжи кирет, ал жерде университеттин алгачкы курстарын окуу же кесиптик даярдык программаларын аяктоо мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле Сент-Жоржес университети бакалавр даражаларын жана медицина, ветеринария жана башка тармактар боюнча кесиптик даярдоону сунуштайт.
  • Кесиптик билим берүү[23]: Өкмөт искусство, кол өнөрчүлүк, спорт жана туризмге байланыштуу кызматчылардын жетишсиздигин толтурууга багытталган кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдө.

Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик билим берүү ишке ашырылып жатат, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам бул чөйрөдө чектөөлөр бар. Өкмөт билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу боюнча иштерди улантууда[24].

Саламаттыкты сактоо

түзөтүү

Гренададагы саламаттыкты сактоо системасы мамлекеттик жана жеке секторлорду камтыйт жана негизинен баштапкы медициналык жардамга басым жасалат. Мамлекеттик медициналык кызматтар акысыз көрсөтүлөт жана негизинен салык жыйноо жана тышкы гранттар, мисалы, Европа Биримдигинин жана аймактык уюмдардын колдоосу менен каржыланат. Өлкөдө 36 баштапкы медициналык борбор, 30 жардамчы мекеме, үч мамлекеттик оорукан жана бир психиатриялык оорукана бар[25].

Жеке сектор кененирээк кызматтарды сунуштайт, анда жабдуулардын сапаты жогору жана адистердин саны дагы арбын, бирок бул кызматтар кошумча акча-каражаттарды талап кылат. Калктын 10%дан аз бөлүгү жеке медициналык камсыздоого ээ, бул көптөгөн жарандар үчүн мындай кызматтарды жеткиликтүү кылбайт. Саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйлөрү диабет, жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулар сыяктуу өнөкөт оорулар болуп саналат жана алар өлкөдөгү негизги өлүм себептери бойдон калууда[25].

Вакцинация, балдардын өлүмүн азайтуу жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча жетишкендиктерге карабастан, Гренада сапаттуу медициналык кызматтарга жетүүдө артта калууда. Өкмөт бейөкмөт уюмдар менен биргеликте бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн профилактикалык программаларды жана диагностика системасын жакшыртууга багытталган иштерди жүргүзүүдө[25].

Улуттук символдор

түзөтүү

Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү
  NODES
Done 1
see 1
Story 1