Рельеф
Рельеф – өзүнө негиз жана фон болуп кызмат кылган тегиздиктеги скульптуралык сүрөттөмө. Рельеф композицияны тегиздикке перспективалык жол менен түшүрүү, түр үлгүсүн жумурулап келтирүү, татаал көрүнүштөр менен архитектуралык жана пейзаждык ыргактарды сүрөттөө мүмкүндүгүн түзөт. Негизги түрлөрү – барельеф жана горельеф.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9