.aeБириккен Араб Эмирликтери үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен. Telecommunications Regulatory Authority уюмунун .aeDA бөлүмүнүн башкаруусунда.

.ae
Ишке кириши

1992-жылы

Тип

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

колдонууда

Каттоочу уюм

Nic.ae, .aeDA

Уюштуруучу

Etisalat, TRA

Максаты

Бириккен Араб Эмирликтери менен байланышкан объекттер

Колдонулушу

БАЭнын негизги домени

Каттоодо болгон жолтоолор

БАЭ жараны паспорту менен же анын расмий өкүлү тарабынан каттоочунун кеңсесинде

Түзүмү

экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот

Документтер

мөөнөтү жана каттоонун шарттары  (англ.)

Сайт

https://tdra.gov.ae/aeda

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоо

түзөтүү

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот.

Жалпысынан, домендердин түзүлүшү төмөнкүдөй:

  • .ae — ишканалар, уюмдар жана жеке адамдар үчүн;
  • .co.ae — компаниялар үчүн;
  • .net.ae — тармак провайдерлери үчүн;
  • .gov.ae — өкмөт жана министрликтер үчүн;
  • .ac.ae — колледждер, университеттер, институттар жана академиялар үчүн;
  • .sch.ae — мамлекеттик жана жеке менчик мектептер үчүн;
  • .org.ae — коммерциялык эмес уюмдар үчүн;
  • .mil.ae — аскердик уюмдар үчүн;
  • .pro.ae — кайсы бир кесиптин ээлери үчүн, .aeDA 2008-жылы каттоону токтоткон;
  • .name.ae — жеке адамдар үчүн, .aeDA 2008-жылы каттоону токтоткон.

.ae доменин, .ae аймагынын аккредитациялоодон өткөн каттоочусу аркылуу гана каттоого болот.

Араб алфавити менен жазылуучу домендин аталышы

түзөтүү
Негизги макала: امارات.

امارات. («имарат» деп окулат, Punycode: .xn--mgbaam7a8h) — араб алфавитин колдонуп жазылуучу жогорку деңгээлдеги улуттук домен. 2010-жылдын 5-майында пайдаланууга берилген[1].

Аккредитациялоодон өткөн каттоочулар

түзөтүү

2009-жылдын 25-июнуна карата .ae аймагында 15 аккредиттелген каттоочу бар:

Булактар

түзөтүү
  1. Arabic Domain Name Rules

Тышкы шилтемелер

түзөтүү
  NODES
3d 1
Intern 2
languages 1
mac 1
os 1
server 1