.au
.au — Австралия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.
.au | |
Ишке кириши |
1986-жылы |
---|---|
Тип | |
Макамы |
колдонууда |
Каттоочу уюм |
көп |
Уюштуруучу |
.au Domain Administration |
Максаты |
Австралия менен байланышкан объекттер |
Колдонулушу |
Австралияда колдонулат |
Каттоодо болгон жолтоолор |
Австралияда жайгашкан уюмдар жана мекемелер өзүнө гана каттай алышат |
Түзүмү |
экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
Документтер | |
Талаш-тартыштарды чечүү |
.au Dispute Resolution Policy (auDRP), Complaints (Registrant Eligibility) Policy |
Сайт |
Каттоо
түзөтүүУчурда сайттарды түз .au доменинде каттоого тыюу салынган. .au доменинин учурдагы эрежелери, сайттардын категорияларына карап экинчи деңгээлдеги домендерде каттоого талап кылат.
Экинчи деңгээлдеги домендер
түзөтүү- .com.au — коммерциялык мекемелер үчүн;
- .net.au — коммерциялык мекемелер үчүн (башында провайдерлер үчүн, бирок кийинчерээк колдону чөйрөсү кеңейтилген);
- .org.au — ассоцация жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн (башында, башка критерийлерге жооп бербеген уюмдар үчүн);
- .edu.au — билим берүү мекемелери үчүн;
- .gov.au — өкмөт жана анын институттары үчүн;
- .csiro.au — Шериктеш өлкөлөрдүн илимий-өндүрүштүк изилдөө уюмдары үчүн;
- .asn.au — ассоцация жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн;
- .id.au — жеке адамдар үчүн.
Үчүнчү деңгээлдеги домендер
түзөтүүКолдонулуп жаткан .gov.au жана .edu.au домендери кеңири категорияларга бөлүнөт. Штаттардын өкмөттөрү жана мектептер жайгашкан жерин чагылдырган домендик аталыштарды колдонушат. Бул үчүнчү деңгээлдеги домендер мамлекеттен көз карандысыз жана штаттар тарабынан башкарылат:
- Виктория — .vic;
- Батыш Австралия — .wa;
- Квинсленд — .qld;
- Жаны Түштүк Уэльс — .nsw;
- Австралиянын Түндүк аймагы — .nt;
- Тасмания — .тас;
- Түштүк Австралия — .sa;
- Австралиянын борбордук аймагы — .act.
Тарых
түзөтүүБир нече экинчи деңгээлдеги домендер колдонулбай калды. Бул домендер каттоону токтоткону менен, аларда алар токтотулганга чейин түзүлгөн кээ бир сайттар бар:
- .archie.au — 1990-жылдары Archie ftp архивдеринин хосту. 1. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
- .conf.au — конференциялар жана башка кыска мөөнөттүү окуялар үчүн, учурда linux.conf.au гана бар;
- .gw.au — AARNet жабдууларын тейлөө үчүн. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
- .info.au — ар түрдүү маалыматтар үчүн;
- .otc.au — X.400 даректери үчүн картографиялык домен. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
- .oz.au — австралиялык сайттар үчүн тарыхый домен. .oz башында Австралия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен болгон, бирок кийинчерээк .au га алмаштырылып, .oz зонасында бардык домендер .oz.au доменине өзгөртүлгон;
- .telememo.au — X.400 даректери үчүн картографиялык домен. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды.