.az
.az — Азербайжан үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен. Домен 1993-жылдын 23-августунда киргизилген жана расмий түрдө 25-августтан тартып иштей баштаган.
IntraNS тарабынан көзөмөлдөнөт. Азербайжанда жайгашкан же ага байланыштуу объекттер үчүн колдонулат. Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот. Негизги үчүнчү деңгээлдеги домендери: com.az, net.az, int.az, gov.az, org.az, .edu.az, .info.az, .pp.az, .mil.az, .name.az, .pro.az жана biz.az.
Азербайжан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Украинадан кийинки эле өз доменин алган экинчи өлкө.
.az доменин каттоонун баасы 20 манатты түзөт. Техникалык колдоонун бир жылдык баасы дагы 20 манат[1].
Учурда Азербайжанда .az зонасында аккредитацияланган бир нече каттоочулар бар, Онлайн портал (Online.az) жана Smarthost.az . Эки катточу тең .az аймагында доменди каттоону өлкөнүн резиденттерине гана сунушташат.
WHOIS ресурсунун маалыматы боюнча, 2021-жылдын 14-октябрына карата .az улуттук домен аймагында 37 967 сайт катталган, анын 35 510 экинчи деңгээлдеги домендер .
Тарыхы
түзөтүү.gov.az домени 2005-жылы Атайын мамлекеттик коргоо кызматына берилген.