.kz
Казакстандын улуттук домент
.kz — Казакстан үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.
.kz | |
Ишке кириши | |
---|---|
Тип | |
Макамы |
иш үстүндө |
Каттоочу уюм |
Казак тармактык маалымат борбору |
Уюштуруучу |
Казакстандын IT компанияларынын ассоциациясы |
Максаты |
Казакстан менен байланышкан объектер |
Колдонулушу |
Казакстанда кеңири колдонулат жана бизнес аналитика менен алектенген тараптардын арасында да белгилүү |
Түзүмү |
Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
Документтер | |
Талаш-тартыштарды чечүү | |
Сайт |
Экинчи деңгээлдеги домендер
түзөтүү- .com.kz - коммерциялык уюмдар үчүн; катталган соода белгини коргоо үчүн.
- .edu.kz - лицензиясы бар билим берүү уюмдары үчүн.
- .gov.kz - өкмөттүк уюмдар үчүн.
- .mil.kz - коргоо министрлиги үчүн.
- .net.kz - маалымат байланышынын лицензиялуу тармактары үчүн.
- .org.kz – коммерциялык эмес уюмдар үчүн.
Атайын домендик аталыштар
түзөтүү2012-жылдын март айында Казакстан кириллица менен жазылган, .қаз жогорку деңгээлдеги улуттук доменин ишке киргизген[1].
.қаз домени дүйнөдөгү кириллица менен жазылган домендердин үчүнчү болуп катталган.
.қаз доменинин ишин баштоо календары
түзөтүү- Биринчи этап (2012-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейин) — атайын домендик аталыштарды, мамлекеттик органдардын жана Президенттин Аппараты, каттоодогу техникалык муктаждыктары үчүн домендик аталыштарды резердөө.
- Экинчи этап (2012-жылдын 1-майынан 30-июлуна чейин) — 2011-жылдын 31-декабрына чейин Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган соода белгилери, фирмалык аталыштардын ээлери үчүн домендерди каттоо.
- Үчүнчү этап (2012-жылдын 15-августунан тарта) - домендик аталыштарды каттоо бардык калоочулар үчүн ачык.